Бишкекте ТМУ мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити өтүүдө
- 2 недели мурун
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтүүдө.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүдө.
“Ынтымак ордонун” кире беришинде мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин ар бирин – Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен саламдашты.
Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.
Жыйында Садыр Жапаров Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% га өскөнүн белгиледи. “Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарына 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын ыйгаруу боюнча демилгени колдооңуздарга ыраазычылык билдирем” деди.
“Биз Сиздер менен ар түрдүү тармактардагы кызматташуунун негизги маселелерин талкуулап, жаңы сунуштар жана демилгелерди көтөрдүк. Алар бардык мүчө мамлекеттердин колдоосун таап, жакынкы арада ишке ашырылышы абдан маанилүү деп эсептейм.
Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.
Биздин Уюм бийик максаттарга жетүү, эл аралык аренада позицияларды бекемдөө, өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү жана элдерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө уникалдуу потенциалга ээ.
Кыргыз Республикасы өзүнүн төрагалыгынын алкагында экономикалык өнөктөштүктү, туруктуу өнүгүүнү, санариптик интеграцияны өнүктүрүүгө, ошондой эле жалпы коопсуздукту бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшап, өз салымын кошот.
Учурдагы жолугушуунун жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер биздин аймактардагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө, ТМУ өлкөлөрүн мындан ары да акырындык менен өнүктүрүүгө жана элдерибиздин бакубат жашоосуна өбөлгө түзөт деп ишенем” деп билдирди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити өтүүдө. Ага түрк мамлекеттеринин башчылары катышууда.
Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” темасына арналган.
Саммитке Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.
Сүрөт: president.kg
Баш сүрөт: gov.kg