Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылганга шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Р. атту жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, 11-январда ага «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн «Мбанктын» кызматкери деп тааныштырып, коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүү шылтоосу менен деп алдоо жолу менен эсептен 1400 доллар, тиркеме аркылуу эки банкта жалпы суммасы 119 600 сом болгон насыя алышканын билдирген. Ошентип алдоо жолу менен жабырлануучунун 244 643 сом суммасында акча каражатын алып кетишкен.

Кылмышка шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, сот тарабынан бөгөт кою чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кармалган адамды телефондук алдамчылыктын башка фактыларына катыштыгы экендиги боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты