Бишкекте өтчү ЖЕЭКтин жыйынында 17 маселе каралат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жасалчу иштер боюнча жалпы 17 маселе каралат.

Алар:

— Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө;
-Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө;
-2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;
-2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө;

Аталган жыйынга катышуу үчүн Бишкекке Беларусия президенти Александр Лукашенко, Орусия презединти Владимир Путин, Казакастандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келди.

Ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келери күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты