Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери үчүн атайын пункттар ачылууда
- 2 года мурун
Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн атайын пункттар ачылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пункттарда ишкананын кызматкерлери өздөрүнүн жумуш жабдууларын сактай алышат, ошондой эле кыш мезгилинде жылынууга шарт түзүлөт.
Белгилей кетсек, майрам күндөрү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери күнү-түнү иштөөгө туура келет жана бул пункттардан эс алып, тыныга алышат.
Муну бөлүшүү




