Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат

  • 2 года мурун

Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитетте  таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу үчүн борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жыйыны өттү.

Шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катуу таштандыларды өзүнчө бөлүп чогултууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Сапардын жыйынтыгында ар бир районго  бирден таштанды чогултуучу жай орнотуу чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты