Бишкекте таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып пул салынат

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарында таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып пул салынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлеринин жанында токтоп турган унаалардын айынан таштанды чыгарууда тоскоолдуктар болуп жатканын эскертти. Ишкананын кызматкерлери белгиленген график боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгарышат. Ал эми аткарылышы керек болгон иштер токтоп турган унаалардын айынан бир канча убакытка кечигүүдө.

«Тыюу салынган жерге токтотулган жана таштанды ташуучу унаанын урналарга өтүшүнө тоскоол болгон унааларга ЖКККББ кызматкерлери тарабынан айып салынып, айып пул салынуучу жайга жөнөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты