Бишкекте таштанды контейнерлери видео көзөмөлгө алынды

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте таштанды контейнерлери видео көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы айрым таштанды контейнерлери турган аймактарда видео камераларды орнотту.

Көбүнчө камералар, таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары менен толгон жерлерге коюлду.

Белгилей кетсек учурда 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера ишке кирет. Курулуш жана тигүү калдыктарын ыргыткан жарандардын видео материалдары муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп берилет. Өз кезегинде инспекция «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык — беренесинин негизинде айып салат. «Тазалык»ишканасынын мастерлеринин эсептөөнүндө бир камерага 2-3 материал келип түшөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты