Бишкекте «тамеки чегүү» аталышындагы рейдде 26 миң сом айып салынды

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте «тамеки чегүү» аталышындагы рейдде 26 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь акимиаты Октябрь РИИБнин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» аталышта рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар катталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 26 миң сом айып салынып, 2 протокол түзүлдү. Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты