Бишкекте тамактануучу жайдан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-декабрь күнү Бишкектин Свердлов районунун Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрттөнүп жаткандыгы кабарланган.

Өрт саат 02:28де чектөөгө алынып, толук 02:53дө өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты