Бишкекте тамактануучу жай жана дүкөн өрттөндү  

28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн.

Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.

Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркаган адамдар жок.

Бул тууралу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Видеотасмадан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты