Бишкекте тамак сатуучу жайдан өрт чыкты
- 12 месяцев мурун
Бишкекте тамак сатуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкектин Свердлов районунун «ДОсОО-Форт» базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү