Бишкекте сулуулук салонунан өрт чыкты

  • 1 год мурун

Бишкекте сулуулук салонунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкекте 4-майга караган түнү калаанын Октябрь районунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрт саат 02:06да чектөөгө алынып, саат 4:20да толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 250 чарчы метрди түзүп, жыгач устундуу темир жана шифер менен жабылган үйдүн чатыры, шыбы жана бастырмасы күйгөн. Ушул үйдө сулуулук салону, сауна жайгашып эмеректер, терезелери жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты