Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык чемпионат өттү

  • 10 месяцев мурун

23-24-сентябрьда №65 орто мектепте стол тенниси боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы стол тенниси ассоциациясы менен биргеликте өткөрдү. Кыз-келиндер арасындагы жеке мелдеште 1-орун Саида Кудусовага, 2-орун Рамид Абдимиталиповага жана 3-орун Анара Тынаевага ыйгарылды.Кыз-келиндер арасындагы жуптар боюнча мелдеште Аяна Уланбекова менен Рамид Абдимиталипова жеңүүчү аталса, 2-орунду Саида Кудусова менен Анара Тынаева, 3-орунду Раяна Мураталиева менен Аруке Касымова ээледи.Эркектер арасында жеке таймашта Нуртай Курманалиев 1-орунду, Бектур Бекболотов 2-орунду, Азат Таласбаев 3-орунду ээледи.Эркектер арасындагы жуптар арасындагы мелдеште Азиз Кыдырбаев менен Азим Абдыкапаров 1-орун, Талант Сагындыков менен Михаил Белоглазов 2-орун, Адилет Сытыбалдиев менен Атай Касымов 3-орунга ээ болушту.Ошондой эле, аралаш жуптар дисциплинасында командалык мелдеште Саида Кудусова менен Бектур Бекболотов 1-орунду, Рамид Абдимиталипова менен Нуртай Курманалиев 2-орунду, Аяна Уланбекова менен Азиз Кыдырбаев 3-орунду камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунга ээ болгондор тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты