Бишкекте “Өспүрүм-түн” рейди өткөрүлдү

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 1-майда Бишкек шаарынын Ленин районунда “Өспүрүм-түн” аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү.Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чара Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык администрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана билим берүү борбору менен биргеликте уюштурган.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 58 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 74-беренесине ылайык 32 ата-энеге административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты