Бишкекте сойкулук уюштурганга шектелген жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

Бишкекте сойкулук уюштурганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

5-май күнү «көпөлөк» аталыштагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө ыкчам кызматкерге Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде Боди-массаж деп жамынып «притон» иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкек ш.Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, белгиленген даректе акчалай сыйлыкка интимдик кызмат көрсөтүлгөн жана аталган сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштурган «Н.» аттуу кыз келип түшкөн сумманын 50% алып жүргөнү аныкталган.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ш.Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган Э. Н., аттуу уюштуруучу аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты