Бишкекте сойкукана уюштурууга шектелип 36 жаштагы жаран кармалды
- 8 месяцев мурун
Бишкекте сойкукана уюштурууга шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда «Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде интимдик кызмат көрсөткөн 2007-жылы туулган А.М. жана 2006-жылы туулган М.С. жашы жете элек кыздар аныкталган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына сойкукана уюштурууга шектелип 1987-жылы туулган А.К. аттуу жаран жеткирилген.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-( Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.