Бишкекте ШКУнун кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору курулат
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 24-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту.
Анда президент коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүүнү тездетүүгө чакырды.
Муну Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон маанилүү салымы деп атады.
Жолугушууга Кыргызстандын, Беларуcтун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышты.
Ошондой эле жыйында ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев болду.




