Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракети аныкталды

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракети аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-октябрында милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосунун алдында добуштарды сатып алуу фактысы катталган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Касымалы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайында жарандарды чогултуп, аларга акча каражаты аркылуу добуш берүүгө таасир этүүгө аракет кылышкан.

ИИМдин жана Бишкек ШИИББнын Экстремизм жана миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча талапкер болууну көздөгөн 1980-жылы туулган К.С. шайлоочуларга үгүт иштерин жүргүзүп, материалдык сыйлык жана убада берүү жолу менен мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталган.

Мындан тышкары, иш-чара өткөрүлгөн тамактануучу жайындагы чыгымдарды К.С өз каражатынан 19 300 сом өлчөмүндө төлөгөнү тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты