Бишкекте шаардык жана райондук милициянын бир катар жетекчиси кызматтан алынды

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин коллегиялык чечими менен кол алдындагы өздүк курамга көзөмөлүнүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:

— Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Мирлан Ниязалиев;

— Биринчи май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев;

— Биринчи май РИИБдин начальнигинин кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев;

— Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов.

Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылганы айтылат.

.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты