Бишкекте сарайдан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 4 месяца мурун

Бишкекте сарайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты