Бишкекте «Санжыра» жаңы гүл бакчасы ачылды
- 5 месяцев мурун
Кечээ, 31-декабрда Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Санжыра» аттуу жаңы гүл бакчанын салтанаттуу ачылышы болду.
Мэр шаар тургундарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, борбор калаада заманбап коомдук мейкиндиктерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президенттин колдоосу менен жалпы аянты 2 гектар болгон бакча көрктөндүрүлүп, анда балдар оюн аянтчалары, кичи-футбол талаасы жана сейилдөөчү жолдор уюштурулду.
Иш-чара учурунда тургундар жаңы гүл бакча үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Жаз айларында бакчага кошумча жашыл көчөттөр отургузуу пландалууда.
Муну бөлүшүү




