Бишкекте сөз эркиндигин камсыздоо жана саясий туткундарды бошотуу талабы менен жөө жүрүш өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Орусияга күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөгө алып келүү, саясий туткундарды бошотуу жана сөз эркиндигин камсыздоо талабы менен «Эркиндик үчүн» аталышындагы жөө жүрүш өтөт.

Жүрүш саат 16:30да Темир жол бекетинде башталат.

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура да бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты