Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин ачылышы өттү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эстеликти ачуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлору катышты.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Чокморовдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана анын улуу иштерин даңазалап, анын баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты