Бишкекте республикалык «Сайма-2023» кароо-сынак фестивалы өтүп жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 15-апрелде Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи. «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү сиздер кыргыз эли үчүн нар көтөргүс чоң иш жасап жатасыздар, сиздер бир гана сайма менен чектелбей, ала кийиз, шырдак, элечек, айтор, жана башка ата- бабабыздан калган бир катар улуттук өнөрлөрүбүздү туу тутуп, дүйнө элине даңазалап жатасыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана кылып жаткан иш- аракеттериңиздерди дайыма колдойбуз», — деп билдирди.

«Кийиз дүйнө» коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты