Бишкекте психотроптук зат менен жаран кармалды
- 2 года мурун
Бишкекте психотроптук зат менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында эркиндигинен ажыратуу жайларына кара куурай тобунун баңги каражаттарынын ири партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат алышкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 26-майда атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. аттуу жаран кармалды.
Жеке тинтүүү жүргүзүүдө анын сырткы белгилери боюнча жаңы психоактивдүү затка окшош, жалпы салмагы 8 грамм болгон ак порошок заты бар эки желим баштык табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын маалыматы боюнча алынган зат психотроптук зат болуп аныкталган.
Ал эми, кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.