Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото)

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтүүчү салтка айланган «Мурас” достук турнири старт алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 14-декабрда иш-чаранын ачылышы «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болду.

Мамлекет башчы өз сөзүндө катышуучуларды кезектеги салттуу «Мурас» оюндардын башталышы менен куттуктап, биринчи турнир өткөн жылы белгиленген кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналганын эске салды.

Садыр Жапаров, ага 6 команда катышканын, экинчи турнирге 12 команда, учурда 16 команда болгонун жана муну менен мындай турнирге кызыгуу күчөгөнүн белгиледи.

Ал мелдештин максаты сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эң күчтүү делген футбол команда жеңүүсүн каалады.

Биринчи күнү тайпалык оюндар «Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чындоо спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.

Командалар төрт топко бөлүнгөн:

А тайпасы: «Президенттин командасы”, «Фемида”, «Журналисттер”, «Спорттук федерациялар”.

В тайпасы: «Жогорку Кеңеш”, «Коопсуздук”, «Достук”, «Бизнес”.

С тайпасы: «Алга”, «Элчилер”, «Спорт Жылдыздары”, «Билим”.

D тайпасы: «Ыйман”, «Өнөр”, «Аймактар”, «Ден-Соолук”.

Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт.

Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75208
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75209
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75210
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75211
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75212
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75213
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75214
Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75208 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75209 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75210 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75211 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75212 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75213 (preview)Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды (фото) #75214 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты