Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен “Мурас” футбол турнири өтөт
- 1 week мурун
27-28-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы “Мурас” футбол турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.
Анын айтымына караганда, кечээ, 25-ма1дв мелдешке катыша турган 16 команданын ортосунда чүчү кулак тартуу иш-чарасы өткөн.
Ага ылайык, тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:
А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;
В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;
С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;
D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.
Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром – балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.
Оюндар УТРКнын (А жана В тайпалары) жана ЭлТРдин (C жана D тайпалары) түз эфиринен көрсөтүлөт. Башталышы саат 10:00.