Бишкекте поезд менен оор жүк ташуучу унаа кагылышты

  • 11 месяцев мурун

Бишкек-1 станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө маневрдик поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаа кагылышты. Окуя 17-августта саат 16:15 чамасында болгонун «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын комиссиясы жеринде КамАЗ`дын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендигин аныктаган. Натыйжада темир жол менен бара жаткан маневрдик поезд КамАЗ менен кагылышып, жүк ташуучу унаа капталына оодарылып кеткен.

Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты