Бишкекте оор жаракат келтирүүгө шектүү үч жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген үч жаранды кармашты. Бул тууралуу, мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү таңкы саат 05:10 чамасында «102» кызматына шаардык клиникалык ооруканадан башынан жаракат алып, комага түшкөн эркек киши тууралуу кабар түшкөн. Аныкталгандай, жабырлануучу Курманжан Датка көчөсүндө чыккан чыр-чатактан улам белгисиз адамдар тарабынан сабалып, башына катуу сокку алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1991-жылы туулган үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты