Бишкекте «Омар Хайям» кафесинин кире бериш тобу алынды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте «Омар Хайям» кафесинин кире бериш тобу алынды.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринин алкагында Биринчи май районунун аймагында текшерүү жүрдү.Райондун акиминин орун басары Чынгыз Байсов Логвиненко, Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрүн текшерип чыкты.

Кызматтар Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрүндө асфальт төшөө үчүн негиз даярдагандан кийин таман таштарды жана курулуш таштандыларын калтырып кетишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кызматтарга бул кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Кошумчалай кетсек, ушул эле күнү тротуар курулуп жаткан Медеров көчөсү, 153 дарегинде, көчөгө жакын жайгашкан «Омар Хайям» кафесинин кире бериш тобу жана Медеров көчөсү, 153/1 дарегиндеги жеңил типтеги объект алынды. Бул багыттагы иштер уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты