Бишкекте окуучу 10 жашар кызды сүзүп кетти

  • 2 года мурун

4-октябрда Бишкектин Ала-Арча конушундагы Эр-Тайлак көчөсүндө Lexus 470 автоунаасын айдап бараткан мектеп окуучусу 10 жашар кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде каза болгон. Окуя болгон жерде тартылган видеолор соцтармактарда тарап жатат.

24.kg маалымат агенттиги Бишкектин Патрулдук милициясына шилтеме жасап, рулду башкарган 11-класстын окуучусу экендигин жана ал атасынын унаасын айдап чыкканын жазды.

Маалыматка ылайык, окуучу рулду башкара албай, аталган көчөдө жайгашкан менчик бала-бакчанын короосуна кирип кеткен. Натыйжада ал жерде жүргөн 10 жашар кызды тебелеп кетип, ал каза болгон.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты