Бишкекте ок атышууга шектелип 5 адам кармалды

  • 12 месяцев мурун

Бишкекте ок атышууга шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта саат 4:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясына ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Биринчи Май РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 5 жаран кармалды.

Алар: 1995-жылы туулган А.Р. жана С.А., 1988-жылы туулган Т.Ф., 1983-жылкы И.А., 1985-жылы туулган А.А. аттуу жарандар болгон. Райондук милиция бул фактыны каттоого алып, териштирүү иштерин баштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты