Бишкекте “Нооруз-2024”турниринин алкагында көк бөрү оюндары башталды

  • 4 месяца мурун

Бишкекте “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Эскерте кетсек, мелдештер төрт лигага бөлүнүп өтүүдө.

Алар:

— Жогорку лига (6 команда);

— Биринчи лига (12 команда);

— Экинчи лига (16 команда);

— Ардагерлер лигасы (6 команда).

Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта, экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү. 15-марттан тарта Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты