Бишкекте немис жана француз тасмаларынын фестивалы өтөт

  • 3 года мурун

Бишкекте 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин балдар жана өспүрүмдөр үчүн немис-француз тасмаларынын фестивалы өтөт. Фильмдер «Ала-Тоо» кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.

Фестивалдын алкагында 13 толук, 12 кыска метраждуу фильм орус тилинде көрсөтүлөт. Мындан тышкары Германия жана Франциядан келген коноктор менен жолугушуулар жана талкуу дагы болот.

Уюштуруучулардын айтымында, Германия менен Франциянын заманбап фильмдери балдарга гана эмес, бардык курактагы каалоочуларга арналган.

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан иш-чара Казакстандагы Гёте институту жана Бишкектеги Француз альянсы тарабынан Франция менен Германиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн колдоосунда уюштурулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты