Бишкекте накталай эмес төлөм боюнча рейд жүрүп жатат

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте накталай эмес төлөм боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августтан тарта коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок айдоочулар тараптан мыйзам бузуулар аныкталууда. Буга байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан атайын комиссия топ түзүлдү. Бишкек троллейбус башкармалыгы муниципалдык ишканасынан күн сайын 15 кызматкерден каттамга чыгып, накталай эмес төлөм боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты