Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан менен Бангладештин 37 жараны кармалды

  • 2 недели мурун

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан менен Бангладештин 37 жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистандын 14, Бангладештин 23 жараны аныкталды. Аларга карата протоколдор түзүлдү. ИИМ 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты