Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жеңил типтеги объектилерди алуу (демонтаж) иштерин жүргүзүүдө. Октябрь районунун аймагында 15тен ашык контейнер жана күркө алынды. Иштин жүрүшүндө Исакеев көчөсүндөгү тагыраагы Аю Гранд соода борбордун айланасындагы жайгашкан, муниципалдык аймакты ээлеген, жалпы аянты 24 чарчы метрди түзгөн 8 күркө алынды. Ошондой эле берилген эскертүүнүн негизинде Кулатов көчөсүндө жайгашкан 7 кырк тонналык контейнерлер ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынды.

Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери уланууда. Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты