Бишкекте мыйзамсыз митингге чакырык жасоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында социалдык тармак аркылуу мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасады деп шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Мониторингдин жүрүшүндө Threads социалдык тармагындагы «Slivy_telegramm» (мурунку beksultankg99) аккаунту аныкталган.

Маалыматка ылайык, аталган аккаунт аркылуу чет элдик жарандарга карата терс мүнөздөгү маалыматтар таратылган.

Ошондой эле, 23-июлда Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз митингге чыгууга чакырык болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүүнүн жыйынтыгында аккаунттун ээси 2003-жылы туулган жаран экени аныкталып, милицияга жеткирилген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Милиция жарандарды мыйзамсыз митингдерге жана башаламандыктарга чакырган материалдарды таратпоого чакырды.

Сүрөт: Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты