Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

«Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган.

Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О. аттуу кыргыз жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз жарандарына эскертет, Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренесине ылайык, «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты