Бишкекте мыйзамсыз ижарага берилген турак жайларды аныктоо боюнча рейддер өтүүдө

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте мыйзамсыз ижарага берилген турак жайларды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынтыгында Биринчи май районунун акимиаты, салык кызматы жана РИИБ тарабынан 4 күндө 20 дарек аныкталып, анын ичинен 4 дарекке патент берилип, 16 дарекке салык кызматы тарабынан акт түзүлгөн.

«Жыл башынан бери 31ге жакын рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1174 даректин тизмеси түзүлүп, андан ары чара көрүү үчүн салык органдарына жөнөтүлгөн.Ушундай эле текшерүүлөр уланууда.Белгилей кетсек, көп кабаттуу үйдө ижарага турак жайды берүү кызматына патенттин баасы чарчы метри үчүн 30 сомду, жеке үйдө 40 сомду түзөт.Мындан тышкары, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык — кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба багытындагы жерлерди кошпогондо) ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлер жана жеке адамдар камсыздандыруу төлөмдөрүн, орточо эмгек акынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө ай сайын үстөк акы төлөшөт», — деп жазылат маалыматта.

Салык төлөөдөн качуу жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салууга алып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты