Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат

  • 1 год мурун

Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жерине 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.

«Мындан тышкары бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда», — деди Султанбаев.

Анын айтымында, «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында бир жарым жылдын ичинде 6,2 млрд сомдон ашык суммага 2536 батир берилген.

Сүрөт: Султан Досалиев

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты