Бишкекте “Мурас” достук футбол турнири башталды
- 1 год мурун
Бишкек шаарында 31-майда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” аталышындагы салттуу достук футбол турнири старт алды. Иш-чара 1-июнга чейин уланат.
Турнирдин максаты — сергек жашоо образын жайылтуу жана спортко кызыгууну арттыруу. Садыр Жапаров өлкөдө спорттук инфраструктураны өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгилеп, жаңы стадиондор менен спорт залдары курулуп жатканын айтты.
Мелдешке 16 команда катышууда, анын ичинде мамлекеттик органдар, ЖМК өкүлдөрү, спортчулар, дин кызматкерлери, медицина, билим берүү тармагындагы адистер жана дипломаттар бар. Оюндар Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” спорт комплексинде өтүүдө.
1-июнда чейрек финалдан баштап финалга чейинки беттештер өтөт. Оюндарды УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз эфирде көрсөтөт.




