Бишкекте мотоцикл уурдаганга шектелген жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

Бишкекте мотоцикл уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майда М.М. аттуу жаран Ленин РИИБне арыз менен кайрылган, анда 2024-жылдын майында болжол менен саат 02:00 чамасында үйдүн короосунда кулпу менен бекитилип турган арыз ээсинин баасы 14000 АКШ доллар турган “Suzuki 7” үлгүсүндөгү ак-кара түстөгү мотоциклды жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Көрүлгөн чаралар менен Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №563 кармоо тобу бекитилген аймакта кайгуул жүргүзүү учурунда, шаардагы унаа оңдоочу жайлардын (ТТС) биринен мотоциклди табып, кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүшкөн.

Кармалган жаран 1989-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.М. Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты