Бишкекте мончолор текшерилди

  • 2 года мурун

Бишкекте мончолор текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Шаардагы экологияны жакшыртуу максатында инспекция Свердлов жана Биринчи май райондорундагы мончолорго рейддерди жүргүзө баштады.

Мончонун ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары жана башка) өрттөөгө жол бербөө жөнүндө 10 билдирүү берилди. Ошондой эле газга өтүү сунушталды.

Тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурларда инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 3-беренеси боюнча 7 миң 500сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты