Бишкекте милиция кызматкери баңгизат менен кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкери кармалган учурда формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целлофанга оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Милициянын кенже сержаны Э.А. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборунда медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган.

Кенже сержант баңгизатын сатып алган дарек боюнча Бишкек шаарынын “Жал”  кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык  зат табылып алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын 4 жараны:  29 жаштагы Ч.М менен жаштагы  Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.

Аларды Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборуна алып барышып,
медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушаары тастыкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. жана үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты