Бишкекте мэр Кубогуна арналган мелдеш өтөт

  • 2 года мурун

19-ноябрдан 11-декабрга чейин Бишкек шаарынын мэринин кубогуна түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана шаардык кеңештин арасында мелдештер өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.

Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген.

Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 19-ноябрда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат.

Волейбол боюнча алдын ала оюндар 20-декабрда  №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат.

Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 3-декабрда башталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты