Бишкекте менеджер болгуча, Москвада курьер болгон оң

Москвада курьер болуп иштеген мекендештерибиз айлыгынан айына 70 миң сомго чейин топтоп алышат. А бул Бишкектеги менеджерлердин айлыгынан эки эсе көп. Мындай айырмачылык эмнеден улам болуп жатат жана эмнеге алып келет, алдыдагы макалабыздан окуңуз.

Биздин каармандарыбыз — Дастан жана Кубан (аттары өзгөртүлдү). Дастан Бишкекте менеджер болуп иштесе, Кубан Москвада курьер болуп алектенет. Бул эки каарманыбыздын мисалында Кыргызстандын чоң көйгөйүн ачып беребиз.

Бишкекте менеджер болгуча, Москвада курьер болгон оң

Кубан Москвада курьер болуп иштеп, айына 92 миң сом айлык алат. Курьерлик — мигранттар үчүн эң кирешелүү жумуштардын бири болуп саналат. Ал эми таксист болуп иштеген мигранттар айына орто эсеп менен 126 миң сом табышат. Ар кыл жумушта иштегендер 95 миң, ал эми официанттар 63 миң сомго чейин айлык алышат.

Бишкекте менеджер болгуча, Москвада курьер болгон оң

Дастан Бишкекте менеджер болуп иштейт жана квартирада жашайт. Бишкекте менеджерлердин орточо айлыгы 35 миң сомду түзөт. Менеджерлердин айлыгы шаарыбыздагы жакшы төлөнгөн айлыктарга кирерин баса белгилей кетүү керек.

Ортодогу айырмачылык айдан ачык, Кубан алда канча көп табат. Мигранттардын Россияга агылуусунун себеби да – ал жакта айлык-акынын жогору болгондогусу. Тилекке каршы, Кыргызстан жарандарына мындай жогору айлык төлөп бере албай жатат. Тескерисинче, өлкөнүн экономикасы мигранттардан которулган акчадан көзкаранды. Салыштырып көрсөк, кыргызстандыктар үчүн өз өлкөсүндө билимдүү кадр болгондон көрө чет өлкөдө квалификациясы жок жумушта иштеген кирешелүү.

Тапкан айлык чыгымдардан артабы?

Дастан айына орто эсеп менен 23 миң сом коротот. Ал үй-бүлөсү менен өзүлөрүнүн үйүндө жашагандыктан, батир үчүн акча коротпойт. Жыйынтыгында айлыгынын 35% гана чөнтөгүндө калат.

Кубан деле айына 25 миң сом коротот. Бирок бул сумманын ичинде жашаган жери үчүн да каражат каралган, ал достору менен 46 миң сомго “хрущевка” тибиндеги батирди ижарага алат. Бирок айлыгы көп болгондуктан, кирешесинин 75%ын чогултууга же үй-бүлөсүнө салганга жумшай алат.

Кыргызстандагы айлык-акынын төмөндүгүнөн улам мекендештерибиздин көпчүлүгү квалификациясы төмөн, бирок айлыгы көп жумуштарды тандап кетишүүдө. Бул түздөн-түз өлкөдөгү эмгек рыногуна таасирин тийгизет. Жакынкы 5-10 жылда Кыргызстанда адистердин жетишсиздиги курч боло тургандыгын Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков билдирди:

Бизнес-компаниялардын айтымында, эгер ушул темпте жумушчулар чет өлкөгө чыгып кете берсе, анда 5-10 жылдан кийин жумушка жалдаганга киши таппай калабыз, же өтө кымбатка жалдап калабыз деп жатышат”, - деп билдирди.

Ошондой эле, бул көрүнүш жалгыз эле квалификациялуу кадрларга тийиштүү эмес экендигин белгилеп өттү. ЭИКтин маалыматы боюнча, алдыда кафе, ресторандар администраторлорду, ашпозчуларды, ал эми курулуш компаниялары сантехник жана ширетүүчүлөрдү (сварщик) таппай калуулары мүмкүн.

А сиз мигрант болуп, өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө ойлондуңуз беле? Оюңузду комментарийге калтырыңыз.


Эки валютаны туура салыштыруу үчүн КРнын Улуттук банкынын курсу боюнча рублды сомго алмаштырдык.

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Алтынай Нурланова, Эркеайым Темирболотова

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты