Бишкекте мектеп парламенттеринин лидерлери үчүн семинар-тренинг өттү
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарындагы №13 жалпы билим берүүчү орто мектепте тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары жана мектеп парламенттеринин президенттери үчүн «Мектептеги балдар кыймылын өнүктүрүү» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Свердлов району боюнча «Манас» балдар-өспүрүмдөр уюмунун Лидерлер штабы практикалык тренинг уюштурду. Семинардын максаты — балдар кыймылынын ишмердүүлүгүн жандандыруу, окуучулардын лидерлик сапаттарын жана жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүү.
Семинарга 67 педагог-уюштуруучу жана 153 мектеп парламентинин лидери катышты.
Муну бөлүшүү




