Бишкекте мектеп окуучуларынын жана студенттердин эл аралык форуму өтүүдө

  • 1 год мурун
Бишкекте мектеп окуучуларынын жана студенттердин эл аралык форуму өтүүдө

24-28-апрель күндөрү Бишкекте мектеп окуучуларынын жана студенттердин “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан жана Россия Федерациясынын жаш ойлоп табуучулары катышууда. 200дөн ашуун илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлор, экспонаттар жана эксплуатациялык моделдер төмөнкү категориялар боюнча катышуу үчүн сунушталган:

“Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер”,

“Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар”,

“Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар”,

“Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар”,

“Дубалга илинүүчү моделдер”,

“Маалыматтык технологиялар жана программалоо”.

Аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан Кыргызстандын окуучу жана студенттеринин илимий-техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн уюштурулган. 2023-жылдын апрель айында форум өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты