Бишкекте Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  • 2 года мурун

Бишкекте Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Ал медицина кызматкерлерин куттуктап, алардын адамдарга жардам көрсөтүүдөгү жан аябаган эмгегин белгиледи. Анын ичинде коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда да.

«Ал убакта силер көптөгөн адамдарды сактап калдыңар. Өзүңөрдү жана ден соолугуңарды аябай, суткалап иштедиңер. Биз силер менен сыймыктанабыз. Бидзе дени сак адамдар көп болушун каалайм. Чын жүрөктөн сиздерди алдыдагы кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, сиздердин ишмепрдүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм», — деди мамлекеттик катчы.

 Сүйүнбек Касмамбетов  мамлекет мындан ары да медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү жана алардын иши үчүн шарттарды түзүү үчүн чараларды кабыл аларын белгилелди. 

«Учурда республика боюнча медициналык пункттар, ооруканалар, клиникалар курулууда, медициналык мекемелер ачылууда. Ошондой эле, медиктердин эмгек акыларын этап-этап менен көтөрүү жүрүүдө», — деди ал.

Иш-чара жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн медиктер саламаттыкты сактоонун отличниги медалы жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты